Кулак
КУЛАК
Кулак 3 бөлүктөн турат:
Кулактын сырты, баштын сыртындагы кулактын көрүнгөн бөлүгүнөн, ошондой эле кулака кирген тешиктен турат.
Ортоңку кулак үн келгенде титиреп турган “кулак барабаны” деп аталган кабыкча жана кулак барабаны менен туташкан кичинекей сөөктөрдөн турат. Ортоңку кулак тамак менен кичинекей түтүкчө аркылуу байланышкан.
Ички кулак мээ менен түздөн-түз байланышкан ички бөлүктөн турат.