Ачык ыкма
10.10.3 Ачык ыкма Ачык ыкмада уманы тилип жумурткаларды алып салат. Бул ыкманын артыкчылык жактары, жакшы натыйжа берет, жасоо оңой, атайын жабдууларды талап кылбайт. Терс жактары, кескен жер инфекция болуп ириңдеп же курттап кетиши мүмкүн. Кан дагы көп кетип, малды алсыратып, өлүмгө да алып келүү тобокелчилиги бар.
Маанилүү эскертүү: Тиликти чоңураак кылгыла, бычкандан кийин кескен жер шишип кетпеши үчүн малды бастырып, канын агызыш керек . Болушунча таза иштегиле, колду, бычкан жерди самындап, таза суу менен жуугула жана дезинфектант колдонгула. Таза, курч шаймандарды колдонгула.
6 айга чейинки букаларды ачык ыкма менен бычуу кадамдары Таза, курч бычак алгыла.
Жип менен бекем, коопсуз кылып байлагыла.
Колду жана буканын умасын самындап, таза суу жана дезинфектант менен жуугула.
Уманы тазалоо үчүн таза суу жана дезинфектант колдонгула. Мүмкүнчүлүк болсо ооруну басуучу дары каражатын колдонгула.
Уманын учунан бекем кармап, түбүнөн 1/3 бөлүгүн тилгиле.


1. Малды матоо 2. Колдорду жана быча турган жайды жуугула


3. Тилгиле…. 4...жана уманын алды жагынан 1/3 бөлүгүн кесип алгыла

Жумурткаларды кармап туруп, сүйөп түтүкчө үзүлгөнгө чейин тарткыла.
Умадан майлар сыртка чыгып калса, кесип алып салгыла.
Курттап кетпеши үчүн чымындарга каршы крем колдонгула.
Шишик жакшылап тараганга чейин 1-2 жума малды бастырып тургула.
Кочкор жана текелерди ачык ыкма менен бычуу (6 айга чейинкилерди):
Малды каптал жагынан бекем кармагыла.
Колду жана малдын умасын таза суу менен самындап жана дезинфекциялап жуугула. Мүмкүнчүлүк болсо ооруну басуучу дарыны колдонгула.
Уманы кармап ортосунан кеткен сызыкка параллель эки тилик кескиле (туура соолуш үчүн болушунча ылдыйраак жагынан кескиле).
Ак каптаган чел кабык көрүнгөндөй терең кескиле, бирок өзүн кесип салбагыла.
Жумурткаларды кармап, сүйөп түтүк үзүлгөнгө чейин тарткыла.
Эгер кандайдыр бир майлуу эт сыртка салаңдап чыгып калса, бычак же кайчы менен кесип алып салгыла.
Курттап кетпеши үчүн чымындарга каршы крем колдонгула. Тартылып айыкканга чейин 1-2 жума малды бастырып тургула.
(6 айдан чоң) букаларды, кочкор жана текелерди ачык ыкма менен бычуу:

(Чоңураак мал үчүн ачык ыкма, кансыроо тобокелчилигин жогорулатат)

Негизинен иш-чара төмөнкүлөрдөн башкасы, жаш малдыкындай эле болот:
Түтүктөргө кыпчыткыч (болсо) колдонгула.
Кыпчыткычты бошотуп, кыпчытылган жерден байлагыла.
Кыпчыткыч жок болсо, жип менен түтүктү эки жеринен байлагыла.
Түтүктү байланган жердин алдынан кескиле.
Калган иш-чаралар жаш малдыкындай эле.
Резинка ыкмасы (көп сунушталбайт)
Бул ыкмага атайын жабдуу менен колдонула турган резинка керек, ал бир жума болгон улак, козулардын умаларына кийгизилет. Резинка кан айланууну токтотуп, акырында ума көбүнчө инфекция болбой толук түшүп калат. Бирок инфекция болгон учурлар дагы кездешет, өзгөчө булчуңдар тартылган жерлерде. Бул ыкма аз сунушталат.
Айгырларды бычуу Жылкылар 2-3 жашында, толук жетилгенден кийин бычылыш керек бирок алар азоо болуп калат.
Бурдизионун ыкмасын жылкыларга жана качырга колдонууга болбойт, алардын ума баштыгы кыска болгондуктан, түтүктү таап жанчуу кыйын болот. Ошол себептен, дайыма ачык ыкманы колдонуу керек.
Жылкылар менен качырлар селеймеге жакын келишет. Ошондуктан, аларды селейме анатоксин менен алдын ала коргоо керек. Ошондой эле бычуу учурунда аларга узакка таасир берген пенициллин сайылышы керек.
Иш-чаралар Ромпун сыяктуу жоошутуучу дары бергиле (эгер бар болсо жана туура берилсе).
Айгырдын буттарын коопсуз кылып байлагыла (байлоо боюнча бөлүмдү карагыла).
Колдорду жана малдын умасын самындап таза суу жана дезинфектант менен жуугула.
Ооруну басаңдатуучу дарыны (бар болсо) эки жерге төмөнкүдөй кылып бергиле:
Эки пайыздык суюктукту (10 мл) эки жумуртканын тиле турган сызыгын бойлой турган кылып сайгыла. Тиликтин узундугу толук жумуртка менен бирдей (уманын ортосунан кеткен сызыкка параллель жана эки сантиметр аралыкта) болсун.
Ооруну басуучу дарыны (10 мл) эки жумуртканын түтүгүнө (түтүктүн өйдө жагына) сайгыла.
Бир аз убакыт күтүп, ооруну сезбей калганда дары сайылган эки жерден тилгиле. Тиликти жумурткалардын толук узундугундай кескиле (болбосо жаракат жакшы бүтпөй калат). Тиликтер жетиштүү тереңдикте тилинсин, бирок жумурткаларды каптап турган ак чел кабыкты (туник деп аталган) кеспесин.
Жумурткаларды орогон ткандардан бошоткула.
Жумуртка сыртка чыккандай кылып туникти кескиле.
Акырын жумурткаларды тартып, түтүктөр көрүнгүдөй (түтүктөрдү үзбөй) кылгыла.
Түтүктү жип менен (сырткы ак кабыгын кошо) байлагыла. Түтүктү кескенден кийин канабаш үчүн 2-3 жолу жакшылап байлагыла.
Байланган жердин ылдый жагынан ысык темир менен кескиле. Ысык темир менен кесүү кансыроону алдын алат. Эгер ысык темир менен кескенге мүмкүнчүлүк болбосо, түтүктү түйүндүн ылдый жагынан кыпчыткыла (жанчкыла). 1-3 мүнөттөн кийин кыпчытылган жердин ылдый жагынан кескиле.
Экинчи жумуртканы дагы ушундай жол менен алгыла.
Эки жумуртканын тең туниктерин кесип алып салгыла, жакшы соолуйт (суюктук тартылат) жана инфекция болбойт.
Тилинген жерден чыгып калган бардык эттерди кесип алып салгыла.
Селейменин алдын алуу үчүн, пенициллин ийнесин сайгыла.
Жипти чечип, этияттык менен жылкыны бир жерин оорутуп албагандай тургузгула.
Бир нече саат бою кан токтогонун карап текшерип тургула.
Эки жума бою атты күн сайын бастыруу менен шишигинин тарашына жана жаракаттан суюктуктун тартылуусуна жардам бергиле.
Эгер тилинген жер жабылып, же инфекция болуп калса, анда кайра жыгып, тиликти кайра ачып тазалап, дагы пенициллин саюу керек.
Белгилөө: Инфекцияны болтурбоонун ачкычы - тазалык жана жаракаттан суюктуктардын толук тартылуусу. Бул – акшылап жууп тазалоо, дезинфекция кылуу, тиликти узун тилүү, ашыкча эттерди алып салуу (туник сыяктуу), пенициллин саюу жана (шишикти азайтуу үчүн) атты бастыруу менен ишке ашат. Айгырды бычуунун эрежелери



1. Малды туура жыккыла 2. Бекем байлагыла 3. Колду жана быча турган жерди жуугула







Ооруну басуучу дарыны 5. Уманы жумуртканын 6. Жумурткаларды эки сызыкка сайгыла. узундугунда тилгиле алып чыккыла






Туникти тилип жумурт- 8. Түтүктү жанчып, 9. Курттап кетпөөсү үчүн каны чыгаргыла алдынан кескиле чымынга каршы зат колдонгула

11. Шишик чоңойуп кетпөөсү 10. Атка антибиотик үчүн, бычылгандан кийин сайгыла атты беш күн бастыргыла Чочколорду бычуу Көпчүлүк фермерлер чочколорду бир нече себептерден улам бычууну каалашат:
тукумдукка кереги жок эркек чочколорду (алар башка малга же адамдарга зыян келтириши мүмкүн) алдын алуу;
өз бир туугандарын же энесин уруктандырууну алдын алуу, инбридинге жол бербөө;
тез өсүшү үчүн;
этте жагымсыз даамды жана жытты болтурбоонун (эркек чочколор союлганга чейин, жок дегенде, бир ай мурун бычылышы керек) алдын алуу.


Эки жумадан эки айга чейинки жашта эркек чочколорду бычуу эң жакшы убакыт, жаш чочколорду бычууда зыян азыраак болот.
Жаш чочколорду бычуунун жол-жоболору Бир адамды чочконун арткы буттарынан, тизенин үстү жагынан бекем карматкыла. Зарыл болсо, торопойду кармаган киши буттарынын ортосуна кысып кармаса да болот.

Уманы кармап ичегилер жок экенине ынангыла (чурку). Чурку болсо торопойду бычпай, айыктырганды билген бирөөнү тапкыла.

Колду жана малдын умасын самындап таза суу жана дезинфектант менен жуугула.


Жумуртканы уманын баштыгына бармак, сөөмөй манжалар менен сыдырып келгиле. Уманын терисин жумурткага чейин тилгиле. Тилик уманын ортосунан кеткен сызыкка параллель, андан ½ сантиметр аралыкта болуш керек. Тиликтин узундугу жумуртканы басканда чыккандай узундукта болушу керек.
Жумуртканы тартып чыгып түтүктү кескиле (же тартып жатканда эле түтүк өзү үзүлүп калышы мүмкүн). Экинчи жумуртканы дагы ушундай эле жол менен тилип алгыла. Тиликтерди чочко турганда жакшы агып кургашы үчүн ылдый жагынан тилгиле. Бул жарааттын тез айыгышына жардам берет.

Бүткөндөн кийин кесилген жерлердин айланасындагы канды жуугула. Болбосо, канга чымындар келип булгап кетишет. Чымындарды жолотпош үчүн, аларга каршы майларды, кремдерди колдонгула. Жарааттары айыкканга чейин торопойлорду таза жерде кармагыла.
Чоң чочколорду бычуу Чоң эркек чочколорду бычууда кансыроо жана инфекция тобокелчилиги жогорураак болот. Чоң букалар сыяктуу эле, оору басуучу дары колдонуу эң жакшы. Кан тамырларды ичеги жип менен (кээ бир кишилер кыл же ошого окшош жиптерди колдонот) байлоо керек. Жакшы агыш үчүн тиликтерди узун кылгыла. Шишикти азайтып жана жаракаттын бүтүүсүн тездетүү үчүн чочкону бастырып туруу керек. Инфекциянын жана селейменин алдын алуу үчүн көпкө чейин таасир бере турган пенициллин сайгыла. Кесилген жерлер курттап кетпеш үчүн күн сайын дары сыйпап тургула.
Жасалма жол менен уруктандырууга эркек малдан туура убакытта урук алып, ошол уруктан ургаачынын жыныс органына салуу кирет. Баары туура жол менен өз убагында кылынса, эркектин уругу, ургаачынын уругу менен биригип төлдү пайда кылат.
Урук алуу: Урук көптөгөн сперма жана ар кайсы бездердин суюктуктарынан турат. Урукту алууда сперма тирүү жана сапаты жакшы болуусу керек. Биринчи кадам урукту эркектен алуу керек. Көбүнчө эркек малды ургаачы мал менен чогуу коёт. Анан ага секиргенде, жыныс мүчөсүн кын сыяктуу идишке (жасалма кын деп аталат) багыттайт. Анын уругу “жасалма кындын” учундагы бөтөлкө идишке түшөт. Урукту тирүү жана сапаттуу сактоо үчүн атайын суюк аралашмага кошуп суюлтат (анткени, бир жолу алган урукта көптөгөн ургаачы малга жетиштүү сперма болот).
Урукту сактоо: Суюлтулган урукту дароо колдонсо болот же “суюк азот” куюлган атайын идиште тоңдуруп, көп жылдарга сактаса болот. Суюк азотту алыш үчүн атайын техника керек. Идишти убакыт менен текшерип, суюк азоттон куюп туруу керек, анткени идиштин оозун ачкан сайын химикат бууланып чыгып турат. Эгерде текшерилбей калса, суюк азот бууланып бүтүп, спермалар өлүп калат.
Ургаачыны уруктандыруу: Ургаачыны уруктандыра турган убакыт келгенде, сакталган урукту этияттык менен жылытуу керек; кынга узун ичке түтүкчө (пипетка) салынат. рук салынган пипетканы кынга киргизип, жатын моюнчасынан өткөрөт. Пипетканын учу моюнчадан өткөндөн кийин, урукту сыгып чыгарат (ийне сайган сыяктуу). Сперма жатын аркылуу жылып жатын мүйүзчөсүнөн жумуртка менен биригүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Куудуруу убактысы: Ургаачыны овуляция болоордун алдында (жумуртка энелик безден чыкканда) уруктандыруу керек. Малдын түрүнө жараша болот, бирок көбүнчө күү жанып бара жатканда болот. Мисалы, уйларды күүсү бүткөндөн кийин 8-12 саатта уруктандырган жакшы болот.
Фермерлердин бир жалпы көйгөйү малдын күүгө келгенин байкай албагандыктары, мындай учурда жасалма уруктандырууга убакытты тууралоо мүмкүн болбой калат. Же эркек мал куудуруп койгон (жасалма уруктандыруунун ордуна) болушу мүмкүн.
Ийгиликтүү жасалма уруктандыруу үчүн фермерлер малдын күүгө келгенин так билүүсү керек. “Күүгө келгенди билүү” боюнча 133 жана 164-бетти карагыла.
Жасалма уруктандыруунун (ЖУ) артыкчылыктары:
Эркек мал көп керек болбойт. Бир эркек малдан бир жолу алынган урукту суюлтуп көп ургаачы малга колдонсо болот.
Кирешелүү да болот, анткени жеке фермерлерге аз ургаачы мал үчүн эркек малды багып, тоюттандырыштын кереги жок.
Уруктарды алыс жактан алып келсе болот. Бул алыскы транспорт барыш кыйын болгон жерлер үчүн маанилүү. Ошондой эле мал менен кошо келүүсү мүмкүн болгон жаңы ылаңдардын алдын алат.
ЖУ колдонуу менен, көптөгөн жыныс органдары аркылуу жугуучу ылаңдардын алдын алса болот.
Жергиликтүү шартка ыңгайлашпаган, ылаңдап кала турган малды сырттан алып келбей эле, аргындаштыруу иштерин аткарууга болот.
ЖУнун кемчиликтери:
Малдын ээлери күүнүн белгилерин билиши керек, болбосо кымбат урукту туура эмес убакытта колдонуп, чыгым болот.
Атайын жабдуулар жана материалдар ар дайым керек болот. Өзгөчө суюк азот жеткиликтүү болушу керек, болбосо спермалар өлүп калат. Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө чоң көйгөй.
Үйрөтүлгөн ЖУ боюнча адис урукту убагында колдонууга даяр болуш керек.
Ургаачы малды убагында уруктандыруу үчүн натыйжалуу байланыш тутуму жана транспорт каражаты жеткиликтүү болушу керек. Бул байланыш жана материалдар жөө ташылган алыскы аймактар үчүн татаал болот.