Малды канча жашынан бычуу туура болот

10.10.1. Малды канча жашынан бычуу туура болот Букаларды 2-3 айында бычып салса болот. Кочкорлорду жана текелерди 2-3 жума ичинде. Малды жашында бычып салса, азыраак жаракат алат, оңой жана коопсуз болот. Терс жагы, табарсыкта таш пайда болуп, табарсык түтүктөрүн тосуп калып заара ушата албай калуу тобокелчилиги жогорураак болот. Айгырлар менен качырларды, көбүнчө, 2-3 жашында бычышат. Качырлар тукумсуз болуп калса да, жупташа беришет, анткени жумурткалар тестостерон өндүрүп чыга берет. Бычылбаган качырларды кармоо кыйын болот. Чочколор 2 жума курагында эң жакшы бычылат.

Image undefined

“Бурдизио” деген атайын кычкач менен жумурткаларга кеткен урук каналдарын жана кан тамырларды, уманын терисине зыян келтирбей жанчыйт, бул талаада бычуунун эң оңой жолу. Жанчылгандан кийин жумурткалар кичирейип урук бөлүп чыкпай калат. Бул ыкманын артыкчылыгы, ачык жараат болбойт. Кемчилиги, атайын жабдуу сатып алуу керек болот, эгер бурдизиону туура эмес колдонсо, умада инфекция болот же жумурткалар кичирейбей (анда мал бычылбай калат) алат.

Бурдизионун көлөмдөрү түрлүү болот: кичинекейлери койго/эчкиге; жана чоңдору бука/буйволго. Чоң малга бурдизиону басууда күч талап кылынат, жардамчы керек болушу мүмкүн. Же бурдизионун бир кармагычын жерге же тизеге коюп туруп басса болот. Бурдизиону аттарга колдонгонго болбойт. Урук түтүгү (алдыдагы диаграммадан карагыла), түтүктүн ортосу менен кеткен кан тамырлар анчылып калбашы үчүн түрдүү деңгээлде жанчылышы керек. Эгер бул тамырлар жанчылып калса, анда малдын умасы толук түшүп инфекция пайда болушу мүмкүн.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Бурдизио урук түтүгүн жана тамырларды терини жабыркатпай жанчыйт. Эки жактын бирин ылдый бирин өйдө жактан жанчыгыла, ортодогу умага кеткен кан тамыр жабыркабасын.

Бука, теке, кочкорлорго бурдизио ыкмасын колдонуу:

Малды байлагыла.

Урук түтүкчөсүн кармагыла.

Урук түтүгүн бекем, жылмышып чыкпагыдай кылып, терини көздөй басып кармагыла.

Бурдизио менен түтүктү жапкан теринин 1/3 бөлүгүн кыскыла. Ортосунан кеткен кан тамырды жанчып албагыла.

Бурдизиону бир нече секунда кыскан боюнча кармап туруп, анан кое бергиле.

Ишеничтүү болушу үчүн бир сантиметр өйдө же ылдый жагынан дагы бир жолу түтүктү жанчып койгула.

Ушундай эле жол менен экинчи урук түтүгүн да жанчыгыла. Бирок экинчи түтүктү ылдый же өйдөрөөк жеринен кыскыла, умага кан кеткидей болсун. Эки түтүктүн айланасындагы терилерди бирдей жеринен жанчыбагыла, бул кан тамырлардын жанчылышына алып келет жана ума толук өлүп, инфекцияны жаратат.

Жанчылган жерлер курттабашы үчүн чымынга каршы крем сыйпап койгула.