Дарынын ченемин кантип эсептөө керек

4.6.1 Дарынын ченемин кантип эсептөө керек 28-бөлүмдөгү дарылар жазылган жерди карагыла.

Дары берүүнүн жалпысынан алты жолу бар.

1.“Оозу аркылуу”(“Оозунан” дегендин башка аттары).64, 67-беттерди карагыла.

2.Теринин астына ийне сайуу (“Тери астына” же “Т/А”) 72-беттен карагыла.

3.Булчуң этке ийне сайуу (“Булчуң ичине”же “Б/Э” ) 73-беттен карагыла.

4.Тамырга (венага) ийне сайуу (“Тамырга” же “Т”) 74-беттен карагыла.

5. Ооруган жерине (жергиликтүү), (мисалы: жараатка, териге же туякка)

6.Өзгөчө жол менен. Мисалы: Эмчектин ичине (үрпүнө) 158-бетти карагыла.

Жатындын ичине (жатынга) 86-бетте. Көздүн ичине (ичине жана айланасына) 86-бетте.

Дары берип жаткан учурда мал же адамдар жаракат алып калбашы үчүн малды жакшылап матоо керек.

Малдын оозуна таблеткаларды же болустарды берүү үчүн атайын аспаптар болот.

Image undefined

таблеткаларды же болустарды бере турган пистолет Малдын көп түрлөрүнүн (мис. уй, буйвол, эчки, кой, лама, алпак, жылкы, БИРОК ЧОЧКОЛОРДУН ЭМЕС!) арткы тиштери жок болот. Дарыны ошол жерден берүү керек. Ошондо аспапты мал чайнабайт.