Абалы
3.2.1 Малдын абалы Мал кандай абалда?
Арык? Алсыз? Бооз? Саан? Ичи көөп кеткен? Жакшы чоңойгонбу? Чоңойбой калганбы?
Бул музоо арык жана түгү начар

Бул уйдун тынчы кетип жатат, арткы буттары алсыз жана жута албай кыйналып жатат. Бул кутурмага чалдыккан уй.
Мал жакшы эле жүрөбү? Демейдегиден тынчы жокпу, азообу, агрессивдүүбү же тынч абалдабы? Демейдегиден кыймылы жайбы, алсызбы? Өзүнчө бөлүнүп турабы? Чалынып, урунуп атабы? Кашынып атабы? Курсагын карап же тепкилеп атабы, жерге оонап же өзүнүн бир жерин ургулап оорутуп атабы? Мал (өзгөчө бала чочколор же тооктор) үшүгөндүктөн топтошуп жатабы?