Aнтисептик жана дизинфектантар
29.6 АНТИСЕПТИКТЕР ЖАНА ДЕЗИНФЕКТАНТТАР
Аныктамасы боюнча, дезинфекциялоочу каражаттар микроорганизмдерди өлтүрөт.
Антисептиктер болсо микроорганизмдердин өсүшүн жайлатат же токтотот, бирок аларды өлтүрбөйт.
Антисептиктер жана дезинфекциялоочу каражаттар жараларды тазалоо жана айлана-чөйрөдөгү микроорганизмдерди жок кылуу үчүн колдонулат. Кээ бир дезинфекциялоочу каражаттар абдан дүүлүктүрөт жана жарааттарга колдонулганда тирүү ткандарга зыян келтирет. Ошондуктан дезинфекциялоочу каражаттарды жана антисептиктерди "дүүлүктүрүүчү" же дүүлүктүрүүчү эмес" деп бөлүү абдан маанилүү.
Төмөндө кээ бир жалпы дезинфекциялоочу каражаттардын жана антисептиктердин тизмеси келтирилген. Алар кандай колдонулат жана кандай колдонулуучу концентрациялары бар.
Негизги дезинфекциялоочу каражаттар АКРИФЛАВИН 1:1000 концентрациясында жараларды тазалоо үчүн колдонулуучу, дүүлүктүрүүчү эмес дезинфекциялоочу каражат.
СПИРТ
Спирт териге же жабдууларга колдонулушу мүмкүн, бирок ачык жарааттарга колдонулбашы керек. Жабдууларды, жиптерди жана кебезди 20 мүнөткө жакын (70% этил спиртине же спирт ичимдигине) чылап койгула.
ХЛОРГЕКСИДИН (Нолвасан, Виросан)
Хлоргексидин эң коопсуз жана эң натыйжалуу антисептиктердин бири. Ал бактерия, грибокторго жана вирустарга каршы абдан жакшы активдүүлүккө ээ. Ал тез иштейт, жөнөкөй эритме катары жана тазалоочу эритме катары жеткиликтүү. Тазалоочу суюктуктар дизинфекциялоочу каражаттарды камтыйт жана аны колдонгондон кийин чайкап жуу керек. Жөнөкөй эритме ачык жарааттарды жууш керек болгондо жана малууда абдан жакшы.
Хирургиялык даярдык - 2,0-4,0% Ачык жарааттар - 0,05% Дезинфекция - 0,5-2,0% Ачык жараатарга күчтүү эритмелерди колдонбогула.
ХЛОРДУУ АГАРТУУЧУ (натрий гипохлориди)
Хлор жеткиликтүү каражат жана вирустарды, бактерияларды жок кылууда натыйжалуу. Аны дезинфекциялоо үчүн колдонсо болот же жарааттарга колдонуу үчүн суюлтса болот, бирок тирүү ткандарга зыян келтириши мүмкүн.
Ачык жаралар - 0,125% (1/4 күч)
Дезинфекция - 0,5% (толук күч)
Башка жакшыраак каражаттар бар болсо, аны тирүү ткандарга колдонбогула. Эритмени колдонууда этият болгула, анткени ал кездемелерди жана башка материалдарды ак так кылып коет. Аммиак же башка тазалоочу же дезинфекциялоочу каражаттар менен аралаштырбагыла, себеби уулуу түтүн пайда болушу мүмкүн.
КРЕЗОЛ
Крезол кошулмалары бактерияларды өлтүрүүдө натыйжалуу, бирок бактериялык спораларга, вирустарга же грибокторго таасири азыраак. Алар биринчи кезекте буюмдардын үстүн дезинфекциялоо үчүн колдонулат.
Буюмдардын үстүн тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн көрсөтүлгөндөй колдонгула.
Крезол жагымсыз жыттанып турат. Тамак-ашта колдонууга жана чогуу сактаганга болбойт. Крезол уулуу болгондуктан этияттык менен мамиле кылуу керек.
ДЕСИКАЦИЯ
Бул "кургатуу" дегенди билдирет жана бул кээ бир бактерияларды, айрыкча мителердин жетиле элек түрлөрүн жок кылуунун абдан натыйжалуу жолу. Кээ бир курттардын жумурткалары нымдуу тезекте, караңгы жерде көпкө (бир нече жыл)
жашай алат. Бирок тезекти тазалап, жер кургаганда, алар аз гана жашай алышат.
ФОРМАЛИН
Формалин дүүлүктүрүүчү дезинфектант 40%дык суюк түрүндө сатылат. 2% концентрациясын бут кийимдерди дезинфекциялоого колдонсо болот. Ошондой эле 10% эритмеси тканды консерванттап сактоого колдонулат. Төмөнкүдөй аралашма кылып, канаттуулар багылган сарайларды тазаласа болот: 40% формалинден 35 мл; 100 куб үчүн 17,5 гр марганцовка кошулат.
Генцианвиолет Дүүлүктүрүүчү эмес дезифектант, 0,5 - 2% эритмеси жарааттарды тазалоо үчүн колдонулат (бир литр сууга 5 - 20 гр). Аны кургатыш керек болгон жарааттарга сүйкөө жакшы жардам берет. Жараатты жакшылап тазалагандан кийин керек болушунча сүйкөгүлө.
СУУТЕК КЫЧКЫЛЫ
Суутек кычкылы, адатта 3% эритмесинде колдонгонго даяр эритме болуп саналат. Ачык жарага куйганда дароо көбүктөнүп, өзгөчө үн чыгат. Суутек кычкылы ириңдерди тазалоодо абдан жакшы. Бирок жаныбардын ткандары үчүн уулуу, ошондуктан кир жараларды жана ириңдерди башында тазалап жууп анан колдонуу керек. Кайра кайра колдонуу айыгууну жайлатышы мүмкүн. Жараларга жана ириңдерге толук күчтүү 3% эритмесин колдонгула.
ЙОД Стандарттык "аптекадагы" йоддун концентрациясы 2% суюк болот, кичине кесилген жерлерге жана жарааттарга ошол колдонулат. Күчтүү 7%дык йод кээде ветеринарияда каустик катары колдонулат, жаңы туулган малдын киндигине колдонууга болот. Кичинекей кесилген, сыйрылган жерлерге - 2%дык йод колдонулат.
Киндикке - 7%дык йод колдонулат Эки башка йод эритмелерин алмаштырбоо керек. 7%дык эритме жегич болуп саналат жана күйүккө, терең жарааттарга колдонууга болбойт. Эки түрүн тең көздөн жана жалындан алыс кармагыла.
ФЕНОЛ
0,2%да дезинфекциялоочу каражат дүүлүктүрөт. Айрыкча 1:32 - 1:150 кошулмасында айлана-чөйрөнү тазалоо үчүн колдонулат.
МАРГАНЦОВКА
1:100 концентрациясында дүүлүктүрүүчү болушу мүмкүн. Бирок 1:1000 же 1:5000 концентрациясында дүүлүктүрбөйт. Жарааттарды жууш үчүн көбүрөөк суюлтуп: айлана-чөйрөнү тазалоо үчүн көбүрөөк концентрацияланып колдонулат.
САВЛОН
Жараларды тазалоо жана жабдууларды стерилдөө үчүн колдонулуучу дүүлүктүрбөгөн дезинфекциялоочу каражат. Жараларды жууш үчүн 1:200 өлчөмүндө аралаштыргыла. Жабдууларды 1:100 өлчөмүндө суу менен аралаштыруу керек. Жабдууларды эч качан 30 мүнөттөн ашык чылап калтырбагыла, анткени дат басып, зыян кылышы мүмкүн. Узак мөөнөткө жабдууларды сактоо үчүн төмөнкү аралашманы колдонгула: 4 гр натрий нитраты; 1 литр суу; жана 10 мл Савлон.
УЛЬТРАФИОЛЕТ НУРЛАРЫ (күндөн)
Нурлар ракты дарылоо үчүн колдонулат. Ультрафиолет нурлары айлана-чөйрөдөгү, өзгөчө кургак чөйрөдө микроорганизмдерди жок кылууга жардам берет. Күн нуру менен жайытты (тезектерден) тазалоо айлана-чөйрөнү стерилизациялоонун эң жакшы жолу болуп саналат.
СУУ (КАЙНАТЫЛГАН)
Жабдууларды стерилдөө үчүн колдонулат; ошондой эле жарааттарды жууш үчүн кайнап муздаган сууну колдонгула.
Жалпы антисептиктер:
КВАСЦТАР
Жараларды тазалоо үчүн колдонулуучу дүүлүктүрбөгөн антисептик (айрыкча шарп болгондо). Оозду жууш үчүн өтө аз концентрациядагы (1%) квасц-суу колдонулат.
БОРАКС
Жараларга ысык компресс кылуу үчүн 2-3% концентрациясында колдонулган дүүлүктүрбөгөн антисептик.
АКИ ТАШ
Айлана-чөйрөнү тазалоо; өлгөн жаныбарларды чиритип жок кылуу үчүн колдонулат.
БОР КИСЛОТАСЫ
Жараларды жууш үчүн колдонулган, дүүлүктүрбөгөн антисептик. 1:100 концентрациясында өзгөчө көздү жуу үчүн коопсуз. 1:40 кошулмада вазелин менен жараларга май кылып жасоого болот.