Ич өткөрүүчү каражаттар
29.2.3 Ичти өткөрүүчү каражаттар МАГНИЙ СУЛФАТЫ (ЭПСОМ ТУЗДАРЫ) Туздарды жылуу сууга эритип жуткургула же ашказан түтүгүн колдонгула. Мал ичүү үчүн жетиштүү суусу да болушу керек, болбосо эпсом туздары натыйжалуу иштебейт.
a. Жаныбар: Бардык малдарга болот (бооз малдар туутка 2 ай калганда болбойт).
б. Дозасы: Бодо мал/буйвол 200-300 грамм.
Кой/Эчкилер 25-50 грамм.
в. Берилүүсү: Бир же эки жолу гана берилет.
г. Кантип: Жылуу суу менен аралаштырып, оозу аркылуу берилет. Магний сульфаты суусуз таасир бербейт.
МИНЕРАЛДЫК МАЙ
Көрсөтмөлөр: Минералдык май ак петролатум, суюк петролатум, суюк парафин жана ак минералдык май деп да аталат. Даамсыз, жытсыз, тунук, түссүз, сууда эрибеген майлуу суюктук. Көбүнчө жылкыларда ичтин катуусуна каршы колдонулат жана башка түрлөрүндө ич тазалоочу дары катары да колдонулат. Кээ бир адамдар аны ич өткөрүүчү катары, ичеги-карындан ууну сыртка чыгаруу үчүн да колдонушат.
Эскертүү: Өпкөгө түшүп, пневмонияга жол бербөө үчүн кызыл өңгөч аркылуу минералдык май берилиши керек.
a. Жаныбар: Бардык малдар үчүн b. Дозасы: Жылкы, бодо мал, буйволго 1-4 литр Кой, эчкилер, чочкого 100-500 мл.
c. Берилүүсү: Жалпы бир же эки жолу гана берилет.
d. Кантип: Ашказан түтүгү менен