Малды дарылоо учурунда эрежелерди сактоо принциптери
26.7.8 Малды дарылоо учурунда эрежелерди туура аткаруунун принциптери Таң эрте, жаан жокто: Жылуу климатта эрте менен, мүмкүн болушунча, жаан-чачындуу эмес мезгилде дарылаган жакшы болот.
Малды суусатпоо керек: Малды акырын чогултуп, ваннага салаардын алдында сугаруу керек. Болбосо эритмени ичип алышат.
Тынч жана этият кыймылдар: Стрессти азайтуу үчүн малды акырын жана тынч кармоо керек, дезинфекциялоочу килемчеге бирден жетелеп келип, ваннага бирден салабыз.
• Башты чөмүлтүү: Дарылоо учурунда мал башынчөмүлтпөстөн чыгууга аракет кылат, бирок коргоочу кийими бар адам ваннанын капталында туруп, айры таяк менен малдын башын акырын сууга чөмүлтүүсү керек.
•Бир убакта дарылоо: Кенеге каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн, бир фермадагы бардык малды же бир эле жайытта кармалган бардык малды бир убакта дарылоо туура болот.
• Бооз жана алсыз малга чачыратуу: Ден соолугу начар же алсыраган малга чачыраткан оң. Ошондой эле мал туугандан кийин бир айдын ичинде пецтицид сууга салбай, чачыратып туруш керек. Бул жатындын жабыркоосун жана/же төл салууну алдын алууга жардам берет.
Акарициддер менен дарылоонун ортосундагы мөөнөт Кенелерди оптималдуу көзөмөлдөө үчүн кенелердин көбөйүү циклин бузуу керек. Ошондуктан чоңойгон ургаачы кенелер жумурткаларын таштай электе акарициддерди колдонуу эң жакшы.
• Эгерде кенелердин басымдуу саны бир малда жашаган түрү болсо (мисалы, Boophilus), мыкты көзөмөлдөө үчүн 2 жолку дарылоонун аралыгы 12 күн, же жакшы контролдоо үчүн 21 күн болушу керек.
•Эгерде көпчүлүк кенелер эки же үч малда жашаган түрү болсо, эки жолу дарылоонун ортосундагы аралык жети күн болушу керек. Эгерде ылаң тез жайылып жатса, анда ар үч күн сайын, төрт жолу дарылоо керек. Кулактын ички тарабына, ошондой эле уманын айланасына, желинге, куйруктун, түз ичегинин жана кындын тегерегине түз колдонулган дарылар кошо колдонулушу керек.