Жакшы курулган ванналар

26.7.1 Жакшы курулган ванналар Дренаж ичүүчү сууну булгабай тургандай жайгаштырылышы керек Мал сүзүп барбагандай же сүзүп чыкпагандай жайгаштырылышы керек.

Жамгыр суу дарынын күчүн азайтпашы үчүн жана бууланууну азайтуу үчүн үстү жабылышы керек (ысык, шамалдуу же кургак жерлерде жумасына 500 литрге чейин азайып кетиши мүмкүн).

Мал толук чөмүлүшү үчүн терең жана узун болушу керек, ошондой эле бир учурда бир малдын өтүшүнө ыңгайлуу кенен болушу керек. Жакшы курулган резервуарларга 9000 ден 14000 литрге чейин суу батат.

Кыйналып калган малга жардам бериш үчүн резервуардын башынан аягына чейин адам жеткидей мүмкүнчүлүк болушу керек.

Бул үчүн резервуардын четинде узундугу 3 метр болгон аркандар жана ача таякчалар даяр болушу керек.

Резервуардын кире беришине тазалыкты сакташ үчүн катуу нерседен кашаа жасаш керек.

Резервуардын кире беришине узундугу 8 метрге жакын дезинфекциялоочу килемче төшөө керек. Туяктын араларын ачуу үчүн килемчеге оюктарды жасоо керек. Бул килемче ар бир колдонуудан кийин тазаланышы керек.

Кашаадан мал ваннага коопсуз, тайгаланбай түшүшү керек.

Ваннадан чыга турган жакта туурасы бир мал баткыдай пандус болушу керек. Бул пандуста суюктук малдан сарыгып кайра резервуарга агып түшөт жана ал жерде ар кандай зарыл болгон дарылоо иш-чараларын кылса болот.

Майда малга ылайыкташтыруу:

Майда мал үчүн азыраак эритме колдонгондойкылып жасалган ыкма бар. Болжол менен 2250 литрди камтыган жана малды капталына чейин гана көмө турган тайызыраак ванна курулат. Малды чуңкурдун ичине байлап, чөмүлбөй калган жерлеринин баарына чуңкурдан чака менен суу алып куюп чыгуу керек. Бул ыкма Чыгыш Африкада ийгиликтүү колдонулган.