Суюк формадагы пестициддер кую

26.6 "Суюк формадагы" пестициддер "Суюк формадагы" акарициддер малдын кыр аркасына аз өлчөмдө куюу үчүн атайын жасалат. Акарицид жаныбардын денесине сиңип, кулактардагы, куйруктун тегереги жана буттун ортосу сыяктуу жашыруун жерлерде жайгашкан кенелерди да өлтүрөт. Көрсөтмөлөрдү кылдаттык менен аткарууну жана чындап эле "суюк формадагы" каражат экендигин текшерүүнү унутпагыла. Ошондой эле дарылай турган малдын түрү үчүн коопсуз экенине ынангыла. Көбүнчө "суюк форма" бодо малдарга даярдалат.

Кемчиликтери:

Куюу үчүн малды ар бирин өзүнчө байлоо керек.

Куюлуучу дарылар башка акарициддик дарыларга караганда кымбат болот.

Артыкчылыктары:

Чачыраткычты сатып алуунун же суу куюучу резервуарды куруунун кереги жок.

Акарицид малды ордунунан жылдырбастан, ал жерге оңой алынып келинет.

Аралаштыра турган суу талап кылынбайт

Image undefined

Куюла турган дары колдонулуп жаткан сүрөт Көптөгөн малды, өзгөчө бодо малды, койлорду, ламаларды жана альпактарды дарылаганда, даярдалган эритмеге чөмүлтүү ыкмасы керек. Чөмүлтүү да абдан натыйжалуу. Бирок баштапкы чыгым көп болот, анткени чөмүлтүүчү ванна куруу керек.

Image undefined