Пестициддерди түз колдонуу
26.3 Пестициддерди түз колдонуу Бул ыкмада пестициддер кездеме, губка же щетка менен түздөн-түз мите курттар жайгашкан териге колдонулат.
Артыкчылыктары: Кээде малдын мите курттар жайгашкан жерине пестициддерди түз колдонуу керек болот. Мисалы, экинчи же үчүнчү жолу малга жабышкан кенелер, малдар оңой сүртүнүп түшүрүп ала албаган кулак, желин, куйрук жана жыныс жумуркалардын айланасына чогулуп жабышат. Мындай кенелер жугуштуу ылаңдарды көп таратышат. Кээде малды чөмүлткөндө да же чачканда да бул кенелер түшпөйт. Акарициддерди түз колдонуу кенелерди өлтүрүп, кайра жайылышынан сактайт.
Эске алуу: Май же крем формасындагы акарициддер суюк акарициддерге караганда кенелерди өлтүрүп, кайра жайылуусунан жакшыраак коргойт.
Кемчиликтери: Бул иш-чарага көп убакыт талап кылынат. Ошондой эле, кулакка же териге колдонуудан мурун узун жүндү (башы учтуу эмес кайчы менен) кыркып салуу жакшы болот, ошондо акарицид кенелерге жетиштүү таасир берет.

Пестициддерди туура колдонуу