Иттердин чумасы

21.4.4 Иттердин чумасы Бул иттердин өтө жугуштуу вирустук ылаңы, дем алуу жана нерв тутумдарынын көйгөйлөрүн жаратат. Ылаң дүйнө жүзү боюнча кездешет жана чачыраган шилекей аркылуу же булганган буюмдар аркылуу абадан оңой тарайт. Көбүнчө иттер күчүк кезинде ылаңга дуушар болуп, көбү өлөт. Жаш иттер эмделбесе, ылаңга туруштук бере албайт.

Белгилери:

Жогорулаган дене табы 1-3 күнгө созулуп кайтат, андан кийин бир жума кайра болот.

Тамак жегенге табити жана шайы болбойт.

Көбүнчө көздөн жана мурундан коюу суюктук агып, көзү кызарып калат.

Ич өтүшү мүмкүн.

Алгачкы белгилерден айыккан иттер, андан кийин нерв белгилеринен улам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Белгилери чыйрыгуу жана талма болот.

Диагноз:

Клиникалык белгилери, өзгөчө, жаш иттерде байкалат.

Дарылоо:

Жакшы кам көрүү.

Парацетамол дене табын төмөндөтүүгө жардам берет.

Көзөмөлдөө жана алдын алуу:

Көптөгөн өлкөлөрдө ылаңга каршы натыйжалуу вакциналар бар.

Кепшөөчү майда малдын чумасы Кепшөөчү майда малдын чумасы "жалган чума" деп да аталат. Бул мүйүздүү майда малдын дене табынын жогорулашын, ооз көңдөйүндөгү жараны, ичеги-карын инфекциясын, пневмония ылаңдарды козгогон курч вирустук ылаң. Кепшөөчү майда малдын вирусу кепшөөчү ири малдын чумасын козгогон вирус менен тыгыз байланышта. Ал койлорго, эчкилерге жана кийиктердин кээ бир түрлөрүнө таасир этет, аны малдын жугуштуу пневмониясы менен алмаштырып алууга болот. Бодо малдар вируска чалдыкса да, көбүнчө ылаңдабайт жана ылаңды жугузбайт. Кепшөөчү майда малдын чумасы Африкада жана Жакынкы Чыгышта кеңири таралган. Бул жакында Азияда да көйгөй жаратты.

Белгилери:

- Малдын дене табы көтөрүлүп, оозу кургайт.

- Мурундан суу агып, андан кийин бир нече күндөн сасык ириң чыгышы мүмкүн.

- Жаралар ооздо жана ошондой эле союп текшергенде тоют сиңирүү тутумунан табылат.

- Ичтин өтүүсү.

- Пневмония.

- Кээде мал 21 күндүн ичинде өлүмгө дуушар болот.

Өлгөн малды союуда аныкталуучу белгилер:

Ооздо жана ашказан менен ичегиде жаралар кездешет.

Пневмония.

Диагноз:

Союп текшергенден кийин аныкталган белгилерге негизделип коюлат.

Мүмкүн болсо, диагнозду лабораторияда вирусту бөлүп алуу менен ырастоо керек.

Дарылоо:

Атайын дары жок. Бирок антибиотиктерди жана мителерге каршы дарыларды колдонуу менен өлгөн малдын санын азайтууга болот.

Алдын алуу:

Кепшөөчү майда малдын чумасына каршы вакцина жеткиликтүү болушу керек. Болбосо, бодо малдын чумасына каршы вакцина натыйжалуу болот. Ылаң учурунда сизде эки жол бар:

Жабыр тарткан аймактын айланасындагы (ичиндеги эмес) малды толук эмдөө.

Ылаң чыккан жердеги соо малды гана эмдөө.

Эскертүү!

Ылаң чыккан аймакта эмдөө көбүрөөк малды сактап калышы мүмкүн. Бирок анын тобокелдиктери бар, эл эмдөөдөн кийин ылаңдап калган малдар үчүн МСККны күнөөлөшү мүмкүн. Ошондуктан эгерде силер эпидемия чыккан аймакта эмдөөнү чечсеңер, анда коомчулукка аябай жакшылап түшүндүрүү керек. Вирус жугузган мал ылаңдап (вакцинадан ЭМЕС, ылаңдан), өлүшү мүмкүн экенин түшүндүрүшүңөр керек. Ошондой эле, эмдөө күчүнө киргенге чейин бир нече күн талап кылынарын жана мал ылаңды ошого чейин жуктуруп алышы мүмкүн экенин түшүндүрүшүңөр шарт.

Мөөнөтү өтүп кеткен GTV вакцинасын (эчкинин вирусуна каршы вакцина) колдонбогула. Бул кырдаалды ого бетер начарлатат.

КҮТҮҮСҮЗ ӨЛҮМ

Кээде мал эч кандай белгилери жок күтүлбөгөн жерден өлөт. Мунун бир нече себептери бар жана алар башка бөлүмдөрдө каралат:

Image undefined

Уулар. 81-бетти карагыла.

Сибирь жарасы, карасан же геморрагиялык септицемия сыяктуу курч ылаңдар.

Жүрөккө учтуу нерселердин сайылуусу же башка себептерден улам. 189-бетти карагыла.

Чөп тетаниясы. 271-бетти карагыла.

Адаттагыдай эле, кылдат анамнез кылгыла. Ушундай эле шартта болгон башка малдарды сактап калуу мүмкүнчүлүгү болсо, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн союп изилдөө керек.

Абайлагыла! Эгерде мал Сибирь жарасынан өлгөнүнөн шектенсеңер (малдын оозунан, мурдунан же башка дене мүчөлөрүнөн кара кан чыкса) союп, ичин ачпагыла. 196-бетти карагыла.