Иттердин венерикалык шишиктери

21.3.7 Иттердин венерикалык шишиктери Бул шишиктер жупташуу аркылуу тарайт. Алар кичинеден башталып, чоң кызыл массага айланат. Кээ бир өлкөлөрдө булар хирургиялык жол менен ийгиликтүү алынып салынат.

АР ТҮРДҮҮ ИНФЕКЦИЯЛЫК ЫЛАҢДАР

Атрофиялык ринит Бул чочколордун мурун сөөктөрүн бузуп, кээде чочколордун жаак сөөктөрүн деформациялаган жугуштуу ылаң. Бул көйгөйдүн бир нече себептери болушу мүмкүн, бирок негизги себептеринин бири - "Bordetella bronchiseptica" деп аталган бактерия.

Белгилери:

Чүчкүрүү менен башталышы мүмкүн, бирок кийинчерээк мурун жана жаак сөөктөрү деформацияланып, жаныбар туура чайнай албай калат.

Диагноз:

Белгилерине негизделет (б.а. тумшуктун деформациясы) же мал союлганда мурун сөөктөрү бузулган, деформацияланган болот.

Дарылоо:

Малдын тумшугу деформация болгондон кийин аны айыктыруу мүмкүн эмес.

Алдын алуу:

Үйүрдөгү көйгөйдү көзөмөлдөө же алдын алуу иш-чарасына таза санитария, жакшы желдетүү жана тоюттагы сульфаниламиддерди айкалыштыруу кирет. Кээ бир өлкөлөрдө вакцина бар. Малчылар атрофиялык ринит көйгөйү бар үйүрдөн чочко сатып алуудан алыс болушу керек.

Рожа ылаңы Эризипелас – чочколордун бактериялык ылаңы. Ылаңдын: курч жана өнөкөт эки түрү бар. Ал дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кездешет.

Белгилери:

Image undefined

Курч формасы:

Дене табынын жогорулашы.

Дем алуунун оорлошу.

Ысык жана шишиген муундар.

Теринин түсүнүн өзгөрүшү (кызыл жана кызгылт көк), өзгөчө кулактарда, тумшугунда жана курсагында.

Бүт денеде (айрыкча жон жана каптал жактарында), ромб формасында кызыл дөмпөктөр пайда болот.

6 күндүн ичинде мал өлүмгө дуушар болот.

Өнөкөт формасы:

Дененин бардык жеринде ромб формасында кызарган дөмпөктөр чыгат.

Кулактын жана куйруктун учтары некроз болуп, түшүп калышы мүмкүн.

Артриттен улам аксактык.

Жүрөк клапандары зыянга учурагандан улам тез чарчап, оор дем алып жана дене көгөргөнсүп (кызгылттын ордуна) калат.

Кээде жүрөк клапандарынын бузулушунан улам мал капыстан өлүмгө дуушар болот.

Дарылоо:

Пенициллин бирден бир дары болуп саналат. Эгерде жок болсо, ордуна тетрациклинди колдонуп көргүлө.

Алдын алуу жана көзөмөлдөө:

Ылаңдын курчушун азайта турган же чочколорду союлуучу курагына чейин коргой турган вакциналар бар. Тукум алып келген чочколорду жыл сайын кайра эмдеп туруу керек.

Трипаносомоз

Image undefined

Малдагы трипаносомозду Африканын айрым жерлеринде кездешүүчү жөнөкөй мителер тобу (Trypanosomas) козгойт. Бул көбүнчө бодо малда, койдо, итте, чочкодо, төөдө, жылкыда жана жапайы жаныбарлардын көбүндө байкалган өнөкөт ылаң. Аны цеце деген чаккан чымын таратат. Кээ бир жергиликтүү мал кыйла туруктуу келет, анткени алардын териси калың болгондуктан, чымындар аларды чага албайт. Трипаносоманын 12ге жакын түрү бар. Эң маанилүүлөрү төртөө: T. congolense, T. vivax, T. brucei жана T. simiae.

Цеце чымыны Белгилери:

Дене табы көтөрүлөт Аз кандуулук жана алсыздык Бала салат Шишиген лимфа бездери Арыктоо Сүттүн азайуусу Диагнозу:

Арык жана аз кандуулук Митени кандын мазогунан микроскоп менен карап көрүүгө болот Дарылоо:

Трипаносомозго каршы бир нече дарылар бар (мисалы, Беренил). Бирок трипаносомалар көп учурда аларга туруктуу болуп калат. Эгерде силердин аймакта трипаносомоз көйгөйү болсо, кайсы дарылар натыйжалуу экенин Айыл Чарба Министрлигинен же ишенимдүү жергиликтүү ветеринардан же МСККдөн билип алгыла. Колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдү так аткаргыла.

Көзөмөлдөө жана алдын алуу:

Курт-кумурскаларды көзөмөлдөө менен башкарса болот. 118-бет.