Көздүн жабыркоосу же инфекциясы

Көздүн жабыркоосу же инфекциясы Көздүн жабыркашы же инфекциясы ашыкча жаш агуудан, ирмөөдөн, жана көздүн бозоруусунан билинет. Көздүн кызарып сезгенүүсү "конъюнктивит" деп аталат. Бодо малдарда "коньюнктивитти" козгогон бактерияны алып жүргөн чымындар жуктурат. Кээ бир жерлерде бодо малдар көздүн рак ылаңына чалдыгат, көздүн айланасы ак түк болгон малдар көбүрөөк чалдыгат. 85-бетти карагыла..

Диагноз:

Малды туура матап, колду таза жуу керек.

Көздүн ичине бир нерсе кирип кетпегенин текшергиле. Ошондой эле көздүн челинде (көздүн алдыңкы бетинде) чийилген жерлер жана жаралар жок бекен карагыла. Чыңалган же жарасы бар көздүн кабыгы абдан ооруйт жана көп ирмеп, жарыкка сезгич болуп, жаш агат жана (кээде мал көзүн ача албай) шишип кетет.

Жабыркаган көздүн чели да киргилт көрүнүшү мүмкүн. Кээде көздүн чел кабыгындагы чийикти көрүү кыйын болушу ыктымал, бирок ал малды кыйнап жаткан болушу мүмкүн. Көздөгү чийиктерди аныктоого атайын (“флуоресцеин” деген) боекту көзгө сүйкөсө болот (б.а. боёк чийилген жерлерди ачык жашыл кылып көрсөтөт).

Эгерде жарааттын далили жок болсо, конъюнктивит эмеспи, текшерип көргүлө (б.а. көздүн тегерегинин кызаруусу). Эгерде кызарып, ириң чылпак көп чыгып жатса, анда инфекция жуккан болушу мүмкүн.

Абалдын курч же өнөкөт экенин аныктоого аракет кылгыла (б.а мал ээсинен көйгөй канчадан бери болуп жатканын суроо керек). Өнөкөт көйгөйлөрдү дарылоо кыйыныраак (кээде пайдасыз).

Көздүн рак ылаңына чалдыккан бодо малдын ("көздүн рак ылаңы") көзүнүн айланасындагы ткандарды жана үстүн карт басып кетет.

Инфекция болгон же жабыркаган көздү дарылоо:

Малды туура кармагыла.

Кайнап (бирок муздатылган) суу менен көздү чайкагыла. Бор кислотасы болсо, 100 мл сууга 1 мл бор кислотасын кошкула. Көздүн тегерегин тазалоо үчүн таза кебезди же башка таза, жумшак материалдарды колдонгула.

Көзгө кирген нерселер болсо, алуу керек.

Антибиотик майы же көзгө атайын жасалган тамчылар менен дарылагыла (б.а. көбүнчө "офтальмикалык" же "көзгө колдонуу үчүн" деп белгиленген). Майды күнүнө эки жолу, ал эми тамчыларды күнүнө 6 жолудан кем эмес колдонуу керек (башкача айтканда, тамчылатуу малды дарылоо үчүн анча пайдалуу эмес).

Малды көлөкө же караңгы жерде кармагыла, анткени күн нуру жабыркаган көздү абдан сезгентет.

Эскертүү! "Көздүн рак ылаңын" айыктыруу жолу жок.

Абайлагыла:

Атайын көз үчүн жасалган майларды же тамчылатуучу дарыларды гана колдонуу керек.

Стероиддик майларды жабыркаган же инфекция болгон көзгө эч качан колдонбоо керек, стероиддер көйгөйдү ого бетер күчөтүшү мүмкүн.