Лимфа тутумуна сереп салуу
Лимфа тутумуна сереп салуу Лимфа тутуму лимфа бездери жана лимфа тамырларынан турат.
Лимфа тутумунун кызматы Лимфа тутуму кан айлануу тутуму менен байланыш. Ал ткандардан суу менен суюктукту алып, кайра канга ташыйт.
Лимфа тутуму да денени коргоого жардам берет. Ал денеге кирген ар кандай микробдорду жок кылуу үчүн кан клеткалары менен бирге иштейт.
Лимфа бездери Лимфа бездери бүт денеде, анын ичинде моюнда, арткы буттун, көкүрөктүн жана курсактын ортосунда жайгашкан. Лимфа бездери канда болбошу керек болгон өлүк клеткаларды жана организмдерди (вирустар жана бактериялар сыяктуу) жок кылуучу фильтр катары иштейт. Ак кан клеткалары да лимфа бездеринде көбөйөт.
Эгерде кайсы бир лимфа бези чоңойсо, анда дененин кайсы бир жеринде инфекция же сейрек учурда рак болот. Өлгөн малды союп текшерүүдө лимфа бездери чоңоюп кеткендигин текшергиле. Кээ бир ылаңдарды аныктоо үчүн лимфа бездерин чогултуп жана формалинге же спиртке салуу (б.а. үлгүлөрдү чогултуу) маанилүү. Андан кийин үлгүлөрдү изилдөө үчүн лабораторияга жөнөтүү керек. Мүмкүн болсо, лабораториядан кандай үлгүлөрдү жана кантип чогултуу керектигин так сурагыла.
Эттин сапатын көзөмөлдөө Малды сойгондо, адамдарга жуга турган ылаңдын белгилери жокпу деп текшерет. Текшерген адис адегенде лимфа бездеринен инфекциянын белгилерин карайт. Инфекциянын белгилери байкалса этти сатууга болбойт.
Организмдин тутумдары жана аны менен байланышкан ветеринардык көйгөйлөр