Кан тутумун карап чыгуу

Кан тутумун карап чыгуу Кан тутуму кызыл, ак кан клеткаларынан, тромбоциттерден жана плазмадан (кандын суюк бөлүгү) турат.

Кан тутумунун кызматы:

Тоют азыктарын жана сууну ткандарга жеткирүү.

Кычкылтекти ткандарга жеткирүү.

Көмүр кычкыл газын жана башка калдыктарды ткандардан алып чыгуу.

Организмди бактериялардан жана токсиндерден коргоо (иммунитет, 89-бетти карагыла).

Бездерди керектүү материалдар менен камсыз кылуу (сыртка чыгаруу үчүн).

Гормондорду жана ферменттерди бөлүштүрүү.

Бүт денеге жылуулук ташуу.

Канды уютуп, агуусун токтотуу.

Кан тутумуна таасир этүүчү ылаңдар Аз кандуулук (анемия)

Аз кандуулук эритроциттердин жетишсиздигинен болгон “кандын суюлушу”. Мындай абалда кан дененин ткандарына жетиштүү кычкылтекти ташый албайт. Аз кандуулук көбүнчө ички жана тышкы мителерден, ошондой эле эритроциттерди (мисалы, Бабезия) жок кылган ар кандай өнөкөт ылаңдардан келип чыгат.

Белгилери: Белгилери мителер бөлүмүндө талкууланат. 329-бетти карагыла.

Кабактын асты бозорот (кызгылт түстүн ордуна).

Кээде жаак астына кошумча суюктук топтолот (бөтөлкө жаак).

Алсыздык.

Диагноз:

Атайын лабораториялык жабдуулар жок болсо, белгилердин негизинде диагноз коюлат.

Лабораторияда кызматкер кан үлгүсүндөгү кызыл клеткалардын санын эсептейт. Же болбосо гемоглобиндин (эритроциттердин курамындагы зат) көлөмүн өлчөйт.

Дарылоо:

Ички мите курттарга каршы дарылоо.

Сырткы мителер болсо, аларга каршы да дарылоо.

Ар кандай өнөкөт ылаңдар болсо, аларды да дарылоо.

Малды толук кандуу рацион менен камсыз кылуу.

Тескөө:

Курттарды жана ылаңдарды үзгүлтүксүз дарылоо жана тышкы мителерге каршы күрөшүү көпчүлүк көйгөйлөрдүн алдын алат.

Аз кандуулуктун алдын алуу үчүн туура тоюттандыруу маанилүү.

Кан рагы Кан клеткаларына таасир этүүчү рактын айрым түрлөрү бар. Бир түрү "лейкоз”, ал кан анализи менен аныкталат. Лейкоз организмдин иммунитетин көтөрүүгө тоскоол болот. Лейкоз менен ылаңдаган малды натыйжалуу дарылоо жолу жок (273-бетти карагыла).

ЛИМФА ТУТУМУ