Кан айлануу тутумун карап чыгуу

Кан айлануу тутумун карап чыгуу Кан айлануу тутуму канды дененин бардык бөлүктөрүнө жеткирет. Кан дененин клеткаларына азык заттарды жана сууну ташыйт, ошондой эле калдыктарды чыгарат. Кан айлануу, дем алуу жана кан тутумдары дененин клеткаларын кычкылтек менен камсыз кылуу үчүн бирге иштешет. Кычкылтек клеткалардын иштеши үчүн зарыл. Кан айлануу тутуму жүрөктөн, артериялардан, көк тамырлардан жана капиллярлардан турат.

Кан айлануу тутумунун схемасы Белгилөө: Негизги ак тамырлар (артериялар) кара, ал эми негизги көк тамырлар ак түстө.

Image undefined
Image undefined

Кан айлануу тутуму менен байланышкан көйгөйлөр Кан айлануу тутумунун жалпы көйгөйлөрү аз эле. Жүрөк курттары (иттерде көп кездешет) сыяктуу көйгөйлөр бул китепте камтылган эмес.

Жүрөктүн ылаңдары (Травматикалык перикардит)

Жүрөк канды соро албай калса, мал дароо өлөт. Малдарда жүрөктүн иштебей калышы дээрлик көбүнчө мык же зымды кокустан жеп алууга байланыштуу болот. Жутуп алгандан кийин мык ашказанды жана диафрагманы тешип өтүп, жүрөкө сайылышы мүмкүн. Бул абал “травмиталык перикардит" деп аталат жана тоют сиңирүү тутумунда катталган, 189-бетти карагыла.

Шок Бул кан айлануу тутуму туура иштебей калганда колдонулуучу термин. Шок кан жоготуудан, катуу инфекциядан, капыстан жарылган ички ириңден же жаракат алгандан келип чыгышы мүмкүн. Бул Тез Жардам бөлүмүндө камтылган. 85-бетти карагыла.

КАН ТУТУМУ