Селейме (тризм)
Селейме Бул бүткүл дүйнөдө кездешүүчү жугуштуу ылаң. Бул ылаң клостридиум бактериясынан келип чыгат. Бактериялар адамдардын жана малдын тезегинде, ошондой эле топуракта болот.
Бул бактериялар аба кирбеген терең жараларга же малды бычкандан кийинки жараларга кирсе, алар көбөйүп, организмде ууну пайда кылат. Уулуу зат (токсин) бүт денеге тарайт жана нервдерге таасир этет.
Жылкылар бул ылаңга абдан сезгич болуп саналат. Бодо мал, кой, эчки жана чочко кээде ылаңдайт. Селейменин ылаң козгогучу жарага же жатынга кирип кетсе, адамдар бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн. Киндик кир болсо жана төлдөгөн мал селеймеге каршы вакцина (селейме токсоиди деп аталат) менен эмдөөдөн өтпөсө, жаңы туулган төл да бул ылаңга чалдыгып калат.
Белгилери: Бактериялар организмге киргенден кийин бир жумадан кийин башталат. Кээде жараат көрүнбөйт. Төмөнкүдөй белгилер менен мүнөздөлөт:
Табиттин жоктугу.

Куйрук, кулак, жаак, моюн жана буттардагы булчуңдардын катып калуусу. Чочколордун кулагы жана куйругу түз туруп калат.
Кабагы көздүн чанагынан (көздүн ич жагынын четинен кызыл нерсе каптагандай көрүнөт) чыгып калат.
Талма болот же титирейт, айрыкча, катуу добуш чыкканда.
Киндикке же жатынга инфекция болгон жаралар чыгат.
Ачкалыктан, суунун жетишсиздигинен же дем алуунун токтоп калуусунан улам мал өлүмгө учурайт.
Диагноз: Белгилерине негизделет.
Дарылоо:
Бардык жараатты кылдат тазалап, дезинфекциялоо керек.
Пенициллиндин чоң дозасын булчуңга же теринин алдына саюу керек, жарага антибиотиктерди коюу (айрыкча пенициллин) туура болот.
Кээ бир өлкөлөрдө токсинди нейтралдаштыруу үчүн антитоксин тапса болот (ал селейме организми өлгөндөн кийин да денеде калат). Бирок бодо малды антитоксин менен дарылоо өзүн актабай калат.
Таза тоют жана суу менен камсыз кылуу. Керек болсо малга тоюттанууга жардам берүү керек.
Тескөө жана алдын алуу: Селеймени дарылоо кыйын; бирок алдын алууга болот.



Селеймеге каршы анатоксин менен эмдөө: Кээ бир өлкөлөрдө бардык жылкылар селеймеге каршы анатоксин менен эмделет. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул, адатта, кош бойлуу аялдар үчүн жеткиликтүү, бирок көбүнчө малга же жылкыга берүү мүмкүн эмес. Эгер бар болсо, сунуштамадагы көрсөтмөлөргө ылайык колдонгула.
Малды бычып жатканда, тазалыкты сактагыла жана этият болгула. Эгерде силердин аймакта селейме чоң көйгөй болсо, бычып жатканда жылкыларга жана чочколорго узакка таасир бере турган пенициллин дарысын бергиле.


Бычуудан кийин узакка таасир берген

пенициллин дарысы ШАЛ (Паралич)
Малдын дене мүчөлөрүн кыймылдатуу үчүн булчуңдары туура иштеши шарт. Ошондой эле булчуңдарга барган нервдер да туура иштеши зарыл.
Паралич – бул мал денесинин белгилүү бир бөлүгүн кыймылдата албай калган учурда колдонулган термин. Ал көп учурда нервдердин бузулушунан келип чыгат.
Белгилери жана диагнозу:
Мал кокустоодон улам шал болуп калат: Кээде бир эле буту, бирок көбүнчө эки арткы буту шал болуп, мал ордунан тура албайт. Бул көбүнчө малдын жыгылып, жүлүнүнө зыян келтирген кырсыктан улам болот. Ошондой эле, бул туут учурунда буттардагы нервдердин жабыркоосуна байланыштуу болушу мүмкүн.

Эскертүү: Кандайдыр бир себептерден улам ордунан тура албаган салмактуу малдын өзүнүн салмагынан нервдери же булчуңдары туруктуу жабыркаган болуусу (өзгөчө катуу жерде жатса, бетон сыяктуу) мүмкүн.
Тоюттун жетишсиздигинен болгон шал ылаңы:
Курч: Бул туут мезгилиндеги кальцийдин жетишсиздигинен болушу мүмкүн (270-бетти карагыла) же көк чөп жеген малда магний жетишсиздиги кездешет ( 272, 310 беттерди карагыла).
Өнөкөт: Начар тоюттанган мал арыктап, алсырап калышы мүмкүн. Бара-бара баса албай, кыймылдай албай калат.
Белгисиз себептерден улам болгон шал ылаңы: Кээде эмне себептен шал болгонун аныктоо мүмкүн эмес.
Дарылоо: Бардык шарттарда дарылоо негизинен бирдей (148-бетти карагыла). Омуртка жабыркаса, дарылоого болбойт. МСКК ооруну басуучу жана сезгенүүгө каршы дарыларды (аспирин сыяктуу), мал оор абалда болгондо гана жакшы колдоо көрсөтүү үчүн бере алат. Мал өзү жакшы болуп кетишин бир нече жума күткүлө.
Дене тутумдары жана аны менен байланышкан ветеринардык көйгөйлөр Кан айлануу, кан жана лимфа тутумдары КАН АЙЛАНУУ ТУТУМУ