Мээдеги мите

Мээдеги мите курттар

Image undefined

Кээ бир мителердин жетиле элек формалары бар, алар малдын мээсине өтүшү мүмкүн. Мындай болгондо, мал көбүнчө сокур болуп көрүнөт, айланып басат же башын дубалга такап калат ж.б. Мисалдар:

Мээдеги жалпак курттардын кисталары 338-бетти карагыла.

Курт жана сынган мүйүздүн инфекциялары 225-бетти карагыла.

А витамининин жетишсиздиги А витамининин жетишсиздиги малдын түн ичинде сокур болушуна алып келет. Кээ бир жаныбарлар, өзгөчө бодо мал,мүдүрүлүп, жакшы баса албай калат.

МАЛДЫН БАШЫНЫН КЫЙШАЙГАН АБАЛЫ

Ар кандай ылаңдар малдын башын өзгөчө абалда болуусуна себеп болот. Алар ар кандай болушу мүмкүн, мал, адатта, кутурма менен ылаңдаган кээ бир жаныбарлар сыяктуу агрессивдүүлүк көрсөтпөйт.

Кулак инфекциясы Кулактын сезгенүүсү отит деп аталат. Ички кулакка жайылып кеткен катуу кулак инфекциясы көбүнчө малдын башынын кыйшаюусуна алып келет. Ички кулак ылаңы бар мал көпчүлүк учурда этият кыймыл-аракет кылат, тоюттануусу адаттагыдай эле болот. 20-бөлүмдү карагыла.

Кулак кенелери менен күрөшүү кулак инфекцияларынын алдын алуу үчүн (өзгөчө коёндордо) маанилүү. 9-бөлүмдү карагыла. Башка курт-кумурскалардын чаккандары да кулак инфекциясын жана жараларды пайда кылышы мүмкүн. Жөнөкөй кулак инфекцияларын кулакка терең жайыла электе дарылоо маанилүү.

Белгилери:

Кулагы ылаңдаган мал көбүнчө башын чайкап, кулактарын кашынат.

Кулактан ириң же кан чыгышы мүмкүн.

Ылаңдаган малдын башы шылкыйып калат.

Дене табы көтөрүлүшү мүмкүн.

Диагноз: Белгилерине негизделет.

Дарылоо:

Жөнөкөй инфекциялар үчүн:

Сырткы кулакты суюлтулган дезинфекциялоочу антисептик эритмеси менен тазалагыла (жылкынын, качырдын же эшектин кулагына суюктук куюу).

Антибиотик майын (көздүн майы жакшы жардам берет) же бензил бензоатты колдонгула.

Эгерде дене табы көтөрүлсө, оор инфекциялар үчүн (баш кыйшайган абал байкалса) антибиотик сайгыла.

Image undefined

Тетрациклин же пенициллин менен эки жумага жакын дарылоо керек.

Көзөмөлдөө: Кенелерди жана башка мителерди жок кылуу аркылуу.

Мээдеги мите

Image undefined
Image undefined

338-бетти карагыла.

ДЕНЕНИН КАТЫП КАЛУУСУ, ТИТИРӨӨ, КАЛЧЫЛДОО

Конвульсия жана кома Көптөгөн көйгөйлөр малдын тынчсызданып, титиреген кыймылынан башталат, анда малдын карышуусу жана талмасы пайда болот. Мындай абалда малдын көбү эсин жоготуп, өлүмгө дуушар болушат. Анамнез алуу бул учурларда абдан маанилүү болуп саналат.

Төмөнкү ылаңдар көбүнчө конвульсия жана кома менен аяктайт:

- Уулануу 83-бет.

- Селейме 258-бетти карагыла.

- Кутурма 251-бетти карагыла.

- Жалган-кутурма 249-бетти карагыла.

-Туут парези 270-бетти карагыла.

- Чытыр чөп менен уулануу 271-бетти карагыла.

- Туз менен уулануу(чочко) 313-бетти карагыла.