Көк мээ ылаңы (листериоз)

Көк мээ ылаңы (Листериоз)

Бул ылаң көбүнчө кепшөөчү малда кездешет. Бул көбүнчө чириген силос менен азыктанууга байланышкан бактериялар. Ошондой эле коомдук оору болуп саналат, анткени ал адамдар пастерзацияланбаган сыр же сүт менен азыктанса жана жабыркаган мал бала салып койгондо түйүлдүккө же чөбүнө тийсе жугушу мүмкүн (280-бетти карагыла).

Белгилери жана диагнозу: Бул ылаңды кутурма (251-бетти карагыла), А витамининин жетишсиздиги (311-бетти карагыла), ценуроз (338-бетти карагыла) жана керең кулак менен алмаштыруу мүмкүн (257-бетти карагыла).

Жаныбарлар алсыз жана депрессияга кабылышат. Алардын дене табы жогорулайт.

Мал сокур сыяктуу кыймылдайт, башы кыйшайган. Айланып басып, башын дубалга ургулашы мүмкүн.

Бара-бара ылаңдаган мал жыгылып өлөт.

Мал катуу ылаңдагандан кийин, ал көбүнчө дарылоодон кийин да өлүмгө дуушар болот. Эчкилер менен койлор 2–3 күндүн ичинде өлөт. Бодо мал узак жашайт, балким, эки жумага чейин.

Image undefined

Кээде листериоз менен ылаңдаган мал бул белгилердин бирин да көрсөтпөйт жөн гана бала салат.

Image undefined

Дарылоо: Мал катуу ылаңдап кала электе пенициллин менен дарыласа аман калат. Пенициллин жок болсо, тетрациклинди колдонуу туура болот.

Алдын алуу жана тескөө: Бузулган силос менен тоюттандырууга болбойт.

Малдын чөбүн жана түшкөн төлдү көмүү керек. Эсиңерде болсун, адамдар бул ооруга чалдыгышы мүмкүн. Ошондуктан, малдын чөбүн жана түшүп калган түйүлдүктү резина кол кап менен кармоо зарыл.