Кутурма
Кутурма Малда өзгөчө жана жээликкен кыймыл-аракет байкалса эмне кылуу керек? Жапайы ит айылды аралап малды, адамдарды тиштеп өткөндөн кийин эмне кылуу керек? Бул кутурма көйгөйү болгон аймактар үчүн кадыресе эле нерсе.
Кутурма ылаңын бардык малдын, жылкынын, адамдардын нерв тутумун жабыркатуучу вирус козгойт (канаттууларга таасир этпейт.) Бул коркунучтуу коомдук оору, анткени малдан жукса адам да ооруйт, ага каршы эч кандай дары жок, оору дээрлик 100% өлүмгө алып келет.

Кутурма көбүнчө кутурган жаныбарлардын шилекейи аркылуу жугат. Ит, карышкыр, жарганат жана енот сыяктуу кээ бир жаныбарлар кутурманы таратат.
Кутурма вирусу тиштеген жеринен мээге, нерв жолдору менен өтөт. Бул адатта 3–8 жумага созулат, бирок кээ бир учурларда алты айдан ашык убакытка чейин созулушу да белгилүү. Андан кийин мал өзгөчө кыймыл-аракет кыла башташы мүмкүн, айрыкча денесинин арткы бөлүгү алсыз болуп көрүнөт. Мал арыктап (тамак булчуңдарынын шал болуп калышынан улам), тоютанууну токтотуп, үнү абдан кызыктай чыгат. Кутурма менен ылаңдаган малдын тамагына бир нерсе тыгылып калгандай сезилиши мүмкүн.
Ылаңдаган малдан ылаң качан жугуштуу болот?
Эгер малда ылаңдын белгилери бар болсо, ал малдан ылаң жугат.
Адамдардын оору жугузуп алганы кантип аныкталат?
Жаныбардын шилекейи же нерв тканы (мисалы, жаныбардын мээ тканы) менен байланышта болгон ар бир адам, айрыкча шилекей же нерв тканы жарага же былжыр челге (б.а. көздүн айланасындагы ткань) тийген болсо, "оору жукту" деп эсептелиши керек.
Кутурма менен ооругандан кийин эмне кылса болот?
Кутурма оорусуна адам дуушар болгон болсо, ооруган жерди самын жана суу менен жууп (самын кутурманын вирусун өлтүрөт), мүмкүн болсо дезинфекциялоочу каражат менен чайкоо керек. Андан кийин дароо кутурмага каршы эмдөөдөн өткүлө.
Белгилер пайда болушун күтпөгүлө. Эгерде адам же мал кутурма оорусу менен ооруса белгилери башталганга чейин эмделсе, вирус мээге жеткенге чейин токтотуп, малдын же адамдын өмүрүн сактап калууга болот. Кутурма белгилери пайда болгондо, адам же мал өлөт.

Белгилери: Белгилери ар кандай болот. Бирок бардык малдын жүрүм-туруму бир аз өзгөрүп, көпчүлүгүнүн тоюттануусу токтоп калат. Бодо малдын арткы буттары көбүнчө алсыз болуп көрүнөт. Жалпысынан алганда, мал "буулукма кутурманы" же "тынч кутурманы" көрсөтөт. “Буулукма кутурма” малдын агрессивдүү иш-аракетин билдирет. “Тынч кутурма” малдын көңүлсүз жана алсыз иш-аракетин билдирет.
Кээде алардын астыңкы жаагы ачык болушу мүмкүн.
Жаныбарлар акыры шал болуп өлүшөт. Көпчүлүк мал биринчи белгилери пайда болгондон кийин 4–5 күндүн ичинде өлүмгө учурайт. Эгерде мал биринчи белгилери пайда болгондон кийин 14 күндөн кийин да тирүү болсо, анда кутурма ылаңы жок болушу мүмкүн.
Диагноз: Болжолдуу диагноз белгилердин жана анамнездин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде анамнези боюнча кутурмага шек болсо жана бул аймакта кутурма ылаңы көп катталса, анда малдын кутурма ылаңы бар деп эсептесе болот. Диагноз малдын мээсин кылдаттык менен алып, (б.а. мээ ткандарына тийбеш үчүн кол каптарды колдонуу) лабораториялык текшерүү аркылуу тастыктоого болот.
Төмөнкү үч сыноолордун бири:
Флуоресценттик антитело.Так жана тез аныктоо, бирок музда сакталган жаңы үлгү талап кылат.
Чычкандарды изилдөө. Жаңы мээ тканын талап кылган так тест, бирок флуоресценттик антитело сыноосуна караганда ыкчамыраак болот.
Негри денечеси тести. Аныктоонун тактыгы төмөнүрөөк (б.а. кээ бир кутурма учурларын өткөрүп жибериши мүмкүн), бирок артыкчылыгы жаңы мээнин үлгүсүн талап кылбайт. Башкача айтканда, мээни 50% глицерин же 10% формалин эритмесинде жайгаштырып, алыскы аралыкка ташууга болот. Бирок анализдин тактыгы төмөнүрөөк болгондуктан, жаныбар тиштеген адамдар тест терс болсо да кутурмага каршы эмдөөдөн өтүшү керек.
Алыскы, көп аймактарда лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес, ошондуктан төмөнкү чараларды көрүү керек.
Кутурма оорусуна шектелген учурга карата көрүлүүчү чаралар (тастыктоо үчүн лабораторияга кирүү мүмкүн эмес):
Жабырлануучунун (малдын же адамдын) тиштеген жарааттарын кылдаттык менен дароо суу, самын жана эгерде бар болсо, дезинфекциялоочу каражаттар менен жууш керек. Бул жараларды жууганда кутурма вирусу менен ооруп калбаш үчүн кол каптарды колдонгула.
Тиштелген бардык адамдар кутурмага каршы эмдөөлөрдү дароо башташы керек. Эскертүү! Эгерде жабырланган жер башка жакын болсо, анда инфекциядан кийинки дарыларды алуу андан да маанилүү, анткени вирус мээге тезирээк тарайт.
Эгерде малдын аракети бузулуп, агрессивдүү болсо, кутурма оорусунун мындан аркы жайылышын болтурбоо үчүн аны өлтүрүү керек. Ошол эле учурда вируска кабылган ар бир адам кийинки эмдөөлөрдү аягына чыгарышын камсыз кылгыла. Болбосо, жаныбарды кармап, аны коопсуз бөлмөнүн ичине чынжыр менен байлагыла.
14 күн байкоо жүргүзүү. Малга жем жана суу берүүнү уланта берүү зарыл. Эгерде ал 14 күндөн кийин дагы тирүү болсо, анда кутурма диагнозу четке кагылышы мүмкүн жана байланыш (контакт) болгондон кийинки эмдөөлөрдү алган адамдар муну токтотсо болот. Эгерде мал 14 күндүк байкоо учурунда шал болуп, өлүп калса, кутурма деген диагноз койгула. Вируска кабылган ар бир адам кабылгандан кийинки эмдөөдөн өтүшүн камсыз кылгыла.
Кутурмага каршы эмдөөлөр Дүйнө жүзүндө колдонулган вакциналардын ар кандай түрлөрү бар. Бирок алар эки топко бөлүнөт:
Ооруга кабылганга чейинки вакциналар: Кутурма оорусуна дуушар боло электе үзгүлтүксүз (мисалы, жыл сайын) берилүүчү дарылар. Аймакта малга кутурмага каршы кандай вакциналар бар экендиги жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн жергиликтүү ветеринардык кызматкерге кайрылгыла. Жапайы жаратылыш үчүн натыйжалуу алдын алуучу вакциналар бар, аларды жапайы жаныбарлар жеген кээ бир тамак-ашка кошуп беришет.
Ооруга кабылгандан кийинки вакциналар: Кутурма оорусуна дуушар болгондон кийин берилүүчү каражат. Кутурма оорусунун алдын алууда бир нече жолу эмдөө керек, адам же мал оорунун белгилери башталганга чейин эмделсе натыйжалуу болот.
Тескөө жана алдын алуу: Аймактагы бардык иттерди кутурмага каршы вакцина менен үзгүлтүксүз эмдөө керек. МСКК жана алардын жамааты бардык иттер үчүн эмдөө клиникасын уюштура алат. Алар мамлекеттик ветеринарлардан жардам сурай алышат.





Бодо малдын жана койдун кетозу же ацетонемия, “Бооз маалдагы токсикоз” же “Кандагы канттын аздыгы”
Бул жугуштуу ылаң эмес. Уйларда туугандан кийин бир нече жуманын ичинде жана койлордо (кээде уйларда) туурга жакын пайда болот. Туурга жакын пайда болгондо, көбүнчө "бооз маалдын токсикозу" деп аталат жана негизинен эгиз же үч эм тууган койлорго таасир этет. Айрыкча семиз уйлар же койлор жаңы боозуганда кетоз ылаңына дуушар болушат. Уйларда тууттан кийинки кетоз адатта мастит, метрит, пневмония же ашказан ылаңдары сыяктуу башка көйгөйлөрдүн татаалдашы болуп саналат, бул уйдун тоюттанбай калышына алып келет, натыйжада кандагы канттын азайышы байкалат (б.а. "кетоз"). Койдун өз денесинен тышкары курсактагы 2–3 козусунунмуктаждыгын канааттандыруу үчүн жетиштүү калория жебегендиктен, кетоз пайда болот. 271, 272-беттерди карагыла.

Белгилери жана диагнозу: Белгилери бүдөмүк болушу мүмкүн. Кетоз менен ылаңдаган уйлардын жана койлордун көбү тоюттанбай калышат. Бирок уйлар же койлор неврологиялык жактан (б.а. жээлигүү) жабыркашы мүмкүн. Сүт өндүрүү да азаят. Бооз маалда токсикоз күчөсө, ылаңдаган койлор (же уйлар) көбүнчө өлөт.
Уйлардагы кетозду дарылоо:
500 мл 50% глюкоза тамыр аркылуу берилет.
Күнүнө эки жолу пропиленгликол же глицерол бергиле.
Уйдун башка ылаңдарын да дарылагыла.
Койлордогу(жана кээде уйлардагы) бооз учурдагы токсикозду дарылоо Күнүнө эки жолу пропиленгликол же глицерол бергиле.
Түйүлдүктөрдү алып салуу үчүн кесарево жолу менен төлдү алууну ойлонуп көргүлө, айрыкча мал баалуу болсо. Бооз учурунда жетиштүү аракет жасалса, түйүлдүктөр да аман калышы мүмкүн.

Малга азыктандырууну баштоо үчүн жогорку сапаттагы тоют жана суу бергиле (тоютту майдалап, ашказан түтүгү аркылуу берүү).
Жакшы баш калкалоочу жай менен камсыз кылуу зарыл.
Эскертүү! Токсикозду дарылоо кыйын. Эгерде мал эрте дарыланбаса, ал өлүп калышы мүмкүн.
Алдын алуу жана тескөө: Койлордун же уйлардын бооз кезинде ашыкча семирип кетишине жол бербегиле. Туурга аз калганда жетиштүү тоют берүү үчүн текшерүү керек. Жаңы тууган уй мастит, метрит жана башкалар менен ылаңдаса, аны дароо дарылоо керек.
Эскертүү! Кылдаттык менен байкагыла, койлордун биринде белгилер болсо, анда дароо дарылоо керек.
Уулуу заттар жана уулануулар Жыйынтык "Уулуу" деген сөз ууландыруучу менен бирдей. Мал денесине организм үчүн чоочун болгон белгилүү бир затты (б.а. уу) кабыл алып, анын натыйжасында организм анын зыяндуу же уулуу таасири бар экендигин билдирет. Кээ бир заттар аз өлчөмдө уулуу эмес, бирок чоңураак дозада уулуу. Кандагы токсин “септицемия” деп аталат. Уулануунун белгилери организмге кабыл алынган уулуу заттын түрүнө жараша өзгөрөт. Бардык уулуу заттарды карап чыгуу бул китептин алкагына кирбейт, бирок эң кеңири тараган кээ бир уулануу боюнча маалыматтар тутумга байланыштуу бөлүмдөрдө камтылган. Ууланды деп шектенгенде эң маанилүү нерсе кылдат анамнез алуу болуп саналат. Мал турган аймакты (уулуу өсүмдүктөр, келемиштердин уулары ж.б. бар) текшергиле, мал жеген тоютту, сууну жана бардык дары-дармектерди (анын ичинде санын же дозасын) текшергиле. Аймакта ушул сыяктуу белгилери бар башка мал бар-жогун сурагыла. Жабыркаган малды кылдат текшерүүдөн өткөргүлө.

Ар кандай түрдөгү уулуу заттардын мисалдары:
Туз менен уулануу: чочкодо көбүнчө кездешүүчү абал. Адатта, ден соолукту сактоо үчүн организмге туз керек. Бирок эгерде чочко өз рационунда нормалдуу өлчөмдө туз жеп жатканда жетиштүү суу ичпесе, туз көп топтолуп калгандыктан, организмде уу сыяктуу иштей баштайт.
Чочко титиреп, тырышып, ал тургай өлүмгө дуушар болуусу мүмкүн. 55, 269,313-беттерди карагыла.

Жыландын чагуусунан уулануу – бул уулануунун башка түрү болуп саналат.
Аз өлчөмдө болсо да жыландардын уусу денеге зыяндуу таасир берет.
Токсемия геморрагиялык септицемия, метрит, мастит жана киндик инфекциясы сыяктуу ар кандай ылаңдардан келип чыккан абал. Бактериялар канга кирген токсиндерди бөлүп чыгуусу менен организмге уулуу таасир берет. Бул токсиндер көптөгөн ар кандай органдарга таасир этет жана бир эле учурда малдын бир нече тутуму катуу жабыркап калуусу мүмкүн. Бул көп учурда өлүмгө алып келген абдан оор абал болуп эсептелет.
БИР ЖЕРДИ АЙЛАНЫП БАСУУ, СОКУР БОЛУУ, БАШЫН БИР НЕРСЕЛЕРГЕ УРГУЛОО
