Булчуң тутумунда кездешүүчү ылаңдар
13.1 БУЛЧУҢ ТУТУМУНДА КЕЗДЕШҮҮЧҮ ЫЛАҢДАР
Атрофия - булчуң иштебей, кичирейип, алсырап калган абал.
Жаракаттар – атрофиянын жалпы себеби болуп саналат.
Паралич: Бул термин буттун кыймылынын толук жоголушун мүнөздөйт. Көбүнчө тиешелүү булчуңдар менен байланышкан нервдердин же омурткадагы негизги нервдин (жүлүндүн) бузулушунан болот.
Сөөктөрдүн же муундардын катуу жабыркашы (мисалы, сыныктар же артрит сыяктуу), булчуңдардын иштөөсүнө жол бербей, булчуңдар кичирейип кетет (б.а. атрофия). Эгерде мал айыгып, булчуңдарын кыймылга келтирип баштаса, калыбына келип, кадимки өлчөмүнө келет. Паралич тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн 259-бетти карагыла.
Атрофия булчуңдун өзүнө, чектеш тарамыштарга же булчуңга алып баруучу жана андан чыккан кан тамырлардын бузулушунан келип чыгышы мүмкүн.
Атрофиянын себеби катары азык заттардын жетишсиздиги белгиленет Кээ бир витаминдер жана минералдар (мисалы, Е витамини жана селен) булчуңдардын туура иштеши үчүн зарыл. Жаш музоолордун жана козулардын рационунда Е витамининин жана селендин жетишсиздигинен булчуңдар туура иштебей калат. Мындай учурларда мал эч кандай жаракат албаса деле шал болуп калат.