Малдын төлдөө шарттары

10.2.3 Малдын төлдөө шарттары Сперма Урук (сперма) – эркектердин жумурткасында туулганда эле болгон клеткалар, мал жыныстык жактан жетилгенде кошо жетилет. Урук жумурткадан эпидидумуска жылып, ал жакта жетилет. Күүгө келген ургаачы малды көргөндө же жыттаганда эркек мал ал ургаачы мал менен жупташкысы (куугусу) келет. Анын жыныс мүчөсү катуу абалга келип, ургаачынын кынына кирет. Жупташуу учурунда көптөгөн сперматозоиддер эпидидемиттен кан тамырлар аркылуу уретрага өтөт. Белгилүү бездер (мисалы, простата жана урук ыйлаакчалары) уретрага суюктук бөлүп, сперматозоид менен биригип, урукту пайда кылышат. Урук эркек малдын жыныстык мүчөсүнөн ургаачы жыныс кынынын жатын моюнчасына агат. Андан кийин сперматозоид жатын моюнчасы аркылуу жатындын ичине жана жумуртка түтүгүнө көтөрүлөт.

“Күүлө же Эструс”

Туулгандан баштап ургаачы малдын энелик бездеринде көп жумуртка болот. Жыныстык жетилүүдөн кийин, жумуртка энелик бездин бетиндеги “фолликул” деп аталган суюктукка толгон көбүкчөнүн ичинде жетилет. Жумуртка клеткасы “эстроген” гормонун бөлүп чыгат, ал кан аркылуу мээге барат жана ургаачыны “күүгө” же “эструс” абалына алып келип, жупташуу учурунда кыймылдабай туруусун шарттайт. Эстроген да фолликулдун ичинде энелик клетканын жетилишин шарттайт жана жатынды күмөндүн өсүүсүнө даярдайт. Көбүнчө бирден тууган малда ар бир күүлөгөн учурунда бир гана жумуртка клеткасы жетилет. Мисалы, ит сыяктуу жаныбарларда ар бир эструс учурунда көптөгөн энелик клеткалар бөлүнүп чыгат.

Овуляция Овуляция – бул жетилген фоликулдун жарылуусу жана жумуртка клеткасынын чыгуусу. Овуляция көбүнчө күүнүн аягында болот. Овуляциядан кийин жумуртка клеткасы жумуртка түтүкчөсүнө түшөт.

Уруктандыруу Овуляция учурунда жумуртка түтүгүндө сперма болсо, жумуртка клеткасы сперма менен кошулуу процесси жүрөт. Бул процесс “уруктануу” деп аталат. Энелик жумурка клеткасы уруктанса, ургаачы мал “бооз” абалга келет. Уруктанууда пайда болгон жаңы клетка эркектин да, ургаачынын да белгилери бар жаңы түйүлдүктүн түзүлүшүнө зарыл болгон бардык нерселерди камтыйт. Жаңы клетка малдын бооз учурунда бөлүнүп, миллиондоп көбөйүп отуруп, күмөндүн түзүлүшүн камсыздайт.

Овуляциядан кийин жумурткадагы бош фолликул сары дене же "CL" деп аталган жаңы кыртышты пайда кылат. Сары дене прогестерон өндүрүп чыгат, эгер уруктануу болгон болсо, ал бооз абалды тескейт. Эгерде уруктануу болбой калса, жумуртка түтүкчөсүндөгү жумуртка клеткасы жана жумурткалык клеткадагы сары дене эрийт да, циклды улантуу үчүн жумурткалыкта жаңы жумуртка пайда болот. Төмөнкү таблица бул процессти мисал катары уйдун күүлөгөн циклын көрсөтөт.

УЙДУН КҮҮЛӨ (ЭСТРУС) ЦИКЛЫ

Уйдун орточо күүлө циклынын узундугу 21 күн болуп, төмөнкү төрт стадиядан турат:

I стадия: 3 күн убагында

Image undefined

Фоликул өсөт.

Жумуртка жетилет.

Эстроген жатынды түйүлдүктүн өсүүсүнө даярдайт.

II стадия: 1 күндүн ичинде Ургаачы “күүлөйт” (букага туруп берет).

Күүнүн акырында фоликул жарылып анан жумуртка чыгат (овуляция).

III стадия: 3-5 күн аралыгында Энеликте сары дене пайда болот.

Сары дене прогестерон бөлүп чыга баштайт.

Урук менен жумуртка, жумуртка түтүгүндө жолугат (уруктануу).

IV стадия: 13 күн болгондо Жатын уруктанган жумуртканы кабыл алганга даяр болот.

Эгер жатын уруктанган жумуртканы кабыл албаса (эгер уй бооз болбой калса), анда сары дене ээрип, кайра циклды кайталоо үчүн, жаңы фоликул өсүп чыгат.

Эгер мал уруктанса, сары денече түйүлдүктүн пайда болуу абалын башкаруу үчүн прогестеронду иштеп чыгарууну уланта берет жана цикл токтойт. Эгер мал уруктанбай калса, цикл улана берет. Мал төлдөө циклына жараша айырмаланат. Мисалы, жылкылар, кой жана эчкилер күүгө жылда өз сезонунда келишет. Аларды “сезондук күүгө келүүчүлөр” деп аташат. Коён, лама жана төөлөрдө овуляция жупташкандан кийин гана болот. Жупташуу овуляцияны пайда кылат. Муну “индукцияланган овуляция” дешет. Көбүрөөк маалыматтарды уруктандыруу таблицасынан карагыла.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Сезондук уруктануучулар Индукциялык овуляция болуучулар Жалпыжаныбарлар үчүн уруктандыруу таблицасы

ЖаныбарУрук тандыруу жашы - жетилүү (айы)Күүлө циклынын түрү Күүлө циклынын узундугуКүүгө келгендин белгилериКүүнүн узундугуУруктандыра турган эң жакшы убакытТөл көтөрүү убактысы (бооз болуу узундугу)Туугандан кийин биринчи күүсү
Буйвол18 – 24 айСезондук сымалКын көөп калат. Катуу үн чыгарат. Тунук суюктук чыгып калат.1-2 күн----300-325 күнАр кандай. Сезондук качыруу.
(орточо 20айлык).18-24 күн (орточо 22).(орточо 1 күн).(орточо 310).
Уй10-24 ай (орточо 18 ай).Жыл боюБашка уйлар секиришине жол берип калат, тунук суюктук чыгып калат.4-24 саат.Күүсүнүн жарымынан, күүсү бүткөнгө чейин 6 саат калганга чейин.280 күн.Ар кандай
18-24 күн (орточо 21күн).(орточо 18 саат).60 күндөн кийин.
Кой7 – 12айСезондук сымалКыймыларакети өзгөрүп калат.1-2 күн.Өтө маанилүү эмес.145-150 күн.Кийинки сезон
(орточо 9 ай).14-20 күн (орточо 17).
Эчки4 - 8 айСезондук сымалКыймыларакети өзгөрүп калат.2-3 күн.Күүлөгөн ар бир күнү.145-155 күн.Кийинки сезон
(орточо 6 ай).18-21 күн (орточо 20күн).
Жылкы10 - 24 айСезондукТез-тез заара кылып калат. Кын ачылып жабылып турат.3-8 күн.Күүсүнөн акыркы 2 күн, же ар бир 2-күнү уруктандыргыла.330-345 күн.Туугандан 4-14 күн өткөндөн кийин.
(орточо18 ай).Цикл ар кандай болот
(орточо 21күн).
Чочко4 - 9 айЖыл боюКын көөп калат.Алдыга жылдырганга аракет кылганда, арты менен тирелет2-3 күн.Күүлөгөн күнү эртеси.114 күн.Сүттөн чыккандан кийин 4 – 10 күндө
(орточо 7 ай).16-24 күн (орточо 21күн)..
Коён4 – 12 айЖыл боюКүүлөгөн анык убактысы деле болбойт.Күүлөгөн анык убактысы жокКын кызарып көөп калганда уруктандыргыла.30 күн.Көп өтпөй эле.
(орточо7 ай).
Ит5 - 24 ай.Орточо жылына 2 жолу.Кыймыл-аракети өзгөрүп калат.1 жума.Күүлөгөндөн 2 күндөн кийин.58-70 күн.Бир нече ай.
Мышык4 – 12айСезондук сымалКыймыл-аракети өзгөрүп калат.4 күн (эгер жупташса).2 күндөн кийин.58-70 күн.4-6 жума.
(орточо10 ай).14 – 21 күн.
Лама24-36 ай.Жыл боюКүүгө келген кээ бир күндөрү эркектерге жакындап калат, бирок сырткы белгилери болбойт.Күүгө келген убактысында 10-12 күн эркектерине жакындайт.Кабыл алганда, күнүнө 1-2 жолу330-360-----
18-21 күн(орточо 342).
индукциялык овулятор.

Белги: Уруктандыруунун минималдык жашы породага жана тоюттун сапатына жараша өзгөрөт.

Ошондой эле бооз маалынын узундугу жаныбарлардын түрүнө көз каранды болот Бооз болгон учур бардык эле жаныбарларда окшош болот. Төмөнкү маалыматтар канаттуулардан башка көпчүлүк үй жаныбарларына туура келет.

Жумуртка түтүгүндө уруктанган жумуртка клеткасы, жатынга келип өсүүсүн улантат. Уруктанган жумуртка “эмбрион” деп аталат, анан ал түйүлдүк формасына келе баштайт. Түйүлдүктөн туулганга чейинки убакытты “бооз учур” деп атайт. Жаныбарлардын түрүнө жараша бооз учурдун мөөнөттөрү ар кандай болот. (Уруктандыруу таблицасын мурунку беттен карагыла).

Малдын бооз учурунда жатынга микробдор кирип төлдү жабыркатпашы үчүн, жатындын моюнчасы коюу былжырча менен жакшы жабылуу болот. Күмөн жабыркап калбоосу үчүн суюктук (“амниотикалык суюктук”) атайын тосмо болуп коргойт. Ал азыкты энесинин канынан, чөп (плацента) жана киндик аркылуу алып турат.