Ургаачы малдын гормондору

10.2.1 Ургаачы малдын гормондору Эстроген Бул малдын күүгө келүүсүнө байланыштуу гормон (ошол учурда ургаачы малды куудурса, түйүлдүк пайда болот). Эстроген ургаачы малды күүгө келтирет жана эркек мал менен жупташууга даярдайт. Кээ бир дарылардын курамында эстроген болот, алар ургаачы малды күүгө келтирет. Бул дарылар бооз малды бала салдырат (күмөн туулганга чейин түшүп калат) жана энелик бездерди дагы жабыркатып коюусу мүмкүн.

Прогестерон Мал күүгө келгенден кийин энелик без ушул гормонду бөлүп чыгат. Прогестерон бооз абалды сактоого жардам берет.

Простагландин Бул гормонду сайгандан кийин, үч күндө ургаачы малды күүгө келтирет. Бул эстрогенге караганда коопсузураак, бирок, адатта, кымбатыраак болот. Бооз малды бала салдырат.